Skip to main content

Балага жакшы камкордук көрүү үчүн алгач өзүңүзгө кам көрүңүз»

Kyrgyz RCEL (USAID Advancing Nutrition | 2023)
Балага жакшы камкордук көрүү үчүн алгач өзүңүзгө кам көрүңүз»

Key Messages

Балаңыз сиз менен убакыт өткөрүүнү жакшы көрөт. Ал сиз менен өз ара катышуу, сизди туроо, сиздин кылганыңызды байкоо аркылуу үйрөнөт. Тарбия берүү – пайдалуу, көңүлдүү жана ошол эле мезгилде оңой нерсе эмес.

Бала багып жатканда ар кандай сезимдер пайда болушу мүмкүн жана бул – күтүлүүчү нерсе, себеби бала багуу оор да болушу мүмкүн. Бул сезимдер пайда болсо, уялып же өзүңүздү күнөлүү сезбеңиз. Бала багып жаткан адам жолдошунун, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, досторунун жана коомдун эмоционалдык колдоосуна муктаж болот.

Балаңызды багуу боюнча күнүмдүк тартибин түзүп алуу балага да жана сизге да пайдалуу . Сизге жаккан жана өзүңүзгө кам көрүүгө жардам боло турган иш аракет катары ырдоо, тигүү, гимнастика жасоо, бийлөө, сүрөт тартуу же башка бул сыяктуу иш чараларды карап көрүңүз.

Өзүңүз ишенген адам менен балаңызды тарбиялоо тажрыйбаңыз менен бөлүшүп, баарлашыңыз. Жолдошуңуз, досторуңуз же үй-бүлө мүчөлөрү менен сүйлөшүңүз. Бала багуудагы ийгиликтериңиз менен бирге кандай кыйынчылыктарыңыз да болуп жатат айтыңыз.

Эгерде сиз чарчасаңыз же чүнчүп атсаңыз, үй-бүлө мүчөлөрүнө же досторуңузга жардам сурап кайрылыңыз. Эгерде бул сезимдер кетпей күчөп жатса, үй-бүлөлүк дарыгерге дагы кайрылсаңыз болот. Себеби стресс, депрессия жана тынчсыздануу, өзгөчө төрөттөн кийинки мезгилдеги көп кездешүүчү маселе жана дарылоону талап кылат.

Төрөлгөндөн баштап 6 айга чейин:
- Сиздин ымыркайыңыз күндүз да, түндө да эне сүтү менен багылгандыктан толугу менен атасы жана апасынан көз каранды. 
- Туугандарыңызга жана досторуңузга жардам сурап кайрылыңыз. Себеби сиз уктап, конокко барып, өзүңүзгө жаккан нерсе менен алек болуп эс алып жана өзүңүзгө кам көрүп алганыңыз сизге да, балаңызга да керек жана пайдалуу болот. 

6 айдан 12 айга чейин:
- Бул куракта балаңыз катуу тамактарды чайнап жей баштайт, уйкусу азаят жана кыймылы көбөйөт. Чоочун адамдардан чоочуркашы мүмкүн жана дайыма сиздин жаныңызда болууну каалайт. 
- Эгерде сиз балаңызды соорото албасаңыз же балаңыз өзүн сиз каалагандай алып жүрбөй жатса, сиз албетте капаланасыз. Бул нормалдуу нерсе. Убакыт таап, бир нече жолу терең дем алып, кайра демиңизди чыгарыңыз. Балаңызды сооротуудан мурун биринчи өзүңүздү терең-терең дем алуу аркылуу тынчтанныңыз. Yй-бүлө мүчөлөрүнөн, туугандарыңыздан же досторуңуздан жардам суроодон уялбаңыз. 

12 айдан 24 айга чейин:
- Бул куракта баланын сезимдери өнүгөт, жана жакында ал көп нерселерди, мисалы кийингенди, дааратканага барганды өз алдынча жасай баштайт. Балаңыз өз алдынча бир нерселерди жасаганга аракет кыла баштайт жана эгерде жакшы жыйынтык болбосо, капаланышы мүмкүн. Ал өжөрлөнүп ыйлашы мүмкүн. 
- Балаңыздын бул аракетине жинденбеңиз жана кадимкидей эле нерсе деп кабыл алыңыз. Баланы карап тур деп жакын адамыңыздан сураныңыз. 10 мүнөткө болсо да стресстик абалдан сыртка чыгып кетүү, сизге өзүңүзгө келүүгө жардам берет.