Skip to main content

Tамактанууда кыйынчылыктары

Kyrgyz RCEL (USAID Advancing Nutrition | 2023)
Tамактанууда кыйынчылыктары

Key Messages

Кээ бир учурларда балдардын тамактануусунда кыйынчылыктар бар болушу мүмкүн.Балдар толук кандуу тамактануу үчүн аларга кошумча жардам керек. Эгерде балага тамак берүүдө боюнча кандайдыр бир көйгөйүнүз бар болсо, медициналык кызматкерлерден консультация алышыңыз керек. 

Балдардын өсүп-өнүгүүсүнө такай ар дайым көңүл буруп туруу керек. Тамактануусунда кыйынчылыктары бар балдардын тамактануусу жетишсиз болуп калышы мумкүн. Каймак, сары май жана башка май сыяктуу азыктар кошумча энергияны берет. Жогорку калориялуу азыктарга уруктар, жер жаңгак жана жаныбарлардан жасалган азыктар да кирет.

Эгерде балаңыз ай сайын салмак кошпосо, эне сүтүн эмип жатканда тез-тез жөтөлсө, ыйласа, бетиндеги булчуңдары чыңалып, жаагы карышып эмүүгө тоскоолдук жаратса, тамагын кусуп салса, көп тердесе жана бат чарчаса, анда медициналык жардамга тезинен кайрылыңыз.

Бала башын жана тулку боюн кармоодогу кыйынчылыктар:
- Коопсуз тамак жегендин жана суу ичүүнүн эң маанилүү шарттарынын бири болуп баланын тулку боюн жана башын түз жана бекем кармоо эсептелет. Балага тамак берээрде, анын денеси түз абалда жана бекем экендигин текшерип алыңыз. 
- Эгерде балаңыздын денеси түз жана бекем болбосо, аны өзүңүздүн денеңиз же үстөл менен сүйөп туруңуз. Тамак берип жатканда баланын башы түз болуш керек, себеби ал тамакка какп же тамак анын дем алуу органдарына кетип калышы мүмкүн. 

Чайноо жана жутуу кыйынчылыктары:
- Тамакты чайноо жана жутуудагы кыйынчылыктар демдин жетишпегенине жана ооруга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан дарыгерлер менен сиздин балаңыздын тамактануусу боюнча атайын стратегияларды түзүп алышыңыз керек. 
- Тамак-ашты эзип бышырып, электен же теркадан өткөрүп, пюре кылып эзип бериңиз. Эзилген тамакты бала оозуна кармап анан жутуп ичүүсү жеңилирээк болот. 
- Жутууда кыйынчылыктары болсо, суу ичкенде да бала оңой эле какап калышы мүмкүн. Баланын оозуна сууну же суюктукту куюп жиберүү мүмкүн эмес. Коюу суюктуктарды, мисалы эзилген суюк каша же йогурт берип көрүңүз.

Оз алдынча тамак жегендеги кыйынчылыктар:
- Балдар сабы калың болгон кашык, вилканы жеңилирээк кармашат. Ошондуктан кашык жана вилканын сабына атайын резинадан же жыгачтан кошумча сап жасап берсеңиз жакшы болот. 
- Балага четтери бийик болгон табактан тамакты кашык менен сузуп алганга жеңил болот.

Бала тамак-ашты тандап жесе:
- Балаңыз ачка болгуча күтө туруңуз, ага мурда жакпаган пайдалуу тамактарды бериңиз. Ал ачка болгондо аларды сынап көрүүгө даяр болушу мүмкүн.
- Өзүн баксын. Бул ага жеп жаткан нерсесин көзөмөлдөп жаткандай сезүүгө жардам берет.
- Тамак-ашты сыйлык катары же жаза катары колдонбоңуз. Балаңыз ачка болгондо жейт.
 

Начар аппетит:
- Күнү бою тамакты азыраак жана бат-баттан бериңиз.
- Ширелерден жана канттуу суусундуктардан алыс болуңуз. Анын ордуна суу гана бериңиз.
- Тамактануу маалында алагды кылуудан алыс болуңуз жана тамактануу маалын кызыктуу өткөрүү үчүн тамакты бөлүшүүгө үндөңүз.
- Бала жетиштүү тамактанса, жакшы өсөт. Эгер сиз тынчсызданып жатсаңыз же балаңыздын табити бир нече күн бою начар болсо, дарыгерге кайрылыңыз.

Эскертүү: Эгерде сиздин балаңыз бек кыйын болуп жатса, ЭЖБТ карталарын текшерип, ар кандай абалдар, эне сүтүн чыгаруу жана чыны менен коопсуз тамактандыруу боюнча кеңештерди алыңыз. Эгерде балада ысытма же диарея сыяктуу жалпы оору болсо, 6 айга чейинки оорулуу бала же 6 айдан ашкан оорулуу бала үчүн ЭЖБТ тамактандыруу картасына кайрылыңыз.

Similar Cards (from other collections)