Skip to main content

Обратитесь за помощью, если вы обеспокоены развитием ребенка

Kyrgyz RCEL (USAID Advancing Nutrition | 2023)
Обратитесь за помощью, если вы обеспокоены развитием ребенка

Key Messages

Балдар ар кандай убакытта үйрөнөт. Кээ бир балдар тез үйрөнүшөт, ал эми кээ бирлерине көбүрөөк убакыт керек болот. Бирок бардык балдар үйрөнөөрүн эсиңизден чыгарбаңыз! Балдардын жөндөмдөрү ирээти менен өөрчүйт. Мисалы, бала алгач отурганга үйрөнөт, андан кийин түз турганга үйрөнөт. 

Кээ бир балдар ден соолугунда четтөөсү бар болуп төрөлүшүп жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизет. . Балдардын кыймыл аракети, көзүнүн көрүүсү, кулагынын угуусу, жаңы нерселерди таанып билүүсү, ой жүгүртүүсү жана адамдар менен болгон байланышы ар кандай болушу мүмкүн.

Балдардын өнүгүүсүнүн ар кандай болуусуна көптөгөн себептер бар. Сиз майып балдар жөнүндө көп нерселерди угушуңуз мүмкүн, бирок майып болуп төрөлгөнүндө баланын атасы же апасынын күнөөсү жок, же бул каргыштын кесепети эмес. Бардык балдар үйрөнө алышат жана кээ бир балдарга кошумча колдоо керек.
 

Баланын физикалык өсүп-өөрчүшүнө, кулагынын угуусуна, көзүнүн көрүүсүнө дайыма көңүл буруу керек. Эгерде кандайдыр бир кооптуу белги болсо өз убагында аныктаганга мүмкүндүк берет. Эгерде баланын өсүп-өөрчүүсүндө кандайдыр бир сизди тынчсыздандырган суроо болсо, үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыз. 

Өнүктүрүү жөнүндө тынчсыздануулар болсо:
- ЭГЕРДЕ СИЗ ТЫНЧСЫЗДАНСАҢЫЗ, АЙТЫҢЫЗ: Ар бир бала ар кандай ылдамдыкта өнүгөт. Эгерде өнүгүүсүндө кандайдыр бир күмөн бар болсо, эртерээк аныкталганы жана чара көрүлгөнү жакшы. Сиздин тынчсызданууңуз жөнүндө үй-бүлөлүк дарыгер менен сүйлөшүүгө медициналык мекемеге барышыңыз керек. 
- ТЫНЧСЫЗДАНУУНУН БЕЛГИЛЕРИ: Эгерде сиздин балаңыздын өнүгүүсү жайлап же токтоп калса, адатта аткарган иш аракеттерди жасай албай, мисалы сүйлөбөй же баспай калса анда бул олуттуу маселенин белгилери болуп эсептелет. Ошондуктан сиз сөзсүз үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылышыңыз керек. 

Угуу же көрүү жөнүндө тынчсыздануулар болсо:
- ЭГЕРДЕ ТЫНЧСЫЗДАНДЫРГАН ЖАГДАЙЛАР БОЛСО, АЙТЫҢЫЗ: Тынчсызданууңуз боюнча медициналык жайга барып, үй-бүлөлүк дарыгер менен талкуулап, балаңыздын көзүнүн көрүүсун жана кулагынын угуусун текшертип коюңуз. 
- ТЫНЧСЫЗДАНУУ БЕЛГИЛЕРИ: Эгерде балаңыз 3 айына чейин үндөргө жооп бербей, сиздин бетиңизди же башка бир буюмдарды көзү менен ээрчип карабаса, медициналык кызматкерге кайрылыңыз. 

Тамактандыруу жөнүндө тынчсыздануу болсо:
- ЭГЕРДЕ ТЫНЧСЫЗДАНДЫРГАН ЖАГДАЙЛАР БОЛСО, АЙТЫҢЫЗ: Мен сиздер менен тамактанууга жардам болгон атайын стратегиялар жөнүндө сүйлөшүүгө даярмын. Эгерде ошондо да маселе чечилбесе, анда медициналык кызматкерлерге кайрылуу керек. 
- ТЫНЧСЫЗДАНУУ БЕЛГИЛЕРИ: Эгерде балаңыз салмак кошпосо, эмчек эмип жатканда тез-тез жөтөлсө, ыйласа, бетиндеги булчуңдары чыңалып, жаагы карышып эмүүгө тоскоолдук жаратса, тамагын кусуп салса, көп тердесе, жана бат чарчаса, анда медициналык тез жардамга кайрылыңыз. 

ЭГЕРДЕ ТЫНЧСЫЗДАНУУГА СЕБЕП ЖОК БОЛСО: 
- Баланы багып же карап жаткан адамга баланын туура өсүп-өнүгүүсүнө көрүп жаткан аракети үчүн ыраазычылык билдириңиз! Бул адамды балага кам көрүүдө жана тамак берүүдө анын жаш өзгөчөлүгүн эске алуусун өтүнүңүз. Конкреттүү идеялар үчүн эмчек эмизүү жана кошумча тамактандыруу темалары боюнча ЭЖБТ карталарын жана ушул ККжЭӨ "баарлашуу" жана "оюн ойноо" карталарын караңыз.

Similar Cards (from other collections)