Skip to main content

Ар дайым балаңыздын айтканын угуп, аны менен сүйлөшүңүз

Kyrgyz RCEL (USAID Advancing Nutrition | 2023)
Ар дайым балаңыздын айтканын угуп, аны менен сүйлөшүңүз

Key Messages

Сиздин балаңыз төрөлгөндөн баштап эле көзү көрүп, таанып билүү жөндөмү өөрчүп, ар кандай үндөрдү чыгарып, мимика жана кыймылдары аркылуу өз муктаждыктарын жана каалоолорун билдире баштайт. Балаңыздын муктаждыктарын түшүнүү үчүн анын берген белгилерин байкаңыз.

Балдар сүйлөп баштаганга чейин эле көп сөздөрдү түшүнүп калышат. Ошондуктан балаңыз сөздөрдү көп угуш үчүн аны менен бат-баттан сүйлөшүп, ырдап туруңуз. Ал сиздин сүйлөгөнүңуздү угуп, өзү сүйлөгөнгө үйрөнөт.

Бала менен ар кандай үндөрдү чыгарып, сөздөр жана кол жаңсоолор менен баарлашыңыз. Эгерде балаңыз сиз менен үн чыгарып же кыймыл аракет менен баарлашып жатса, ага кайтарым жооп бериңиз. Ал да сизге жооп берет. Сиз балаңыз менен кезектешип сүйлөшөсүз.

Сиз балаңызга жаңы сөздөрдү үйрөтүп, тилин өнүктүрүүгө жардам бересиз. Эгерде бала «ата» деген бир сөздү айтса, ага кошуп башка сөздөрдү, мисалы «ата сени жашкы көрөт» деп үйрөтүңүз.

Төрөлгөндөн баштап 6 айга чейин:
● Бала эмчек эмип жатканда же эмип бүткөндөн кийин аны менен сүйлөшүңүз, ырдап бериңиз. Ал сиздин үнүңуздү угуп тынчтанат. 
● Балаңыздын чыгарган үндөрүн жана жасаган кыймыл аракеттерин кайталап, туураңыз, себеби ал сиз менен сүйлөшүп жатат. Балага энесинин сүйлөгөнүн угуу өтө маанилүү. 

6 айдан 9 айга чейин:
● Бул куракта бала жөнөкөй сөздөрдү түшүнө баштайт. Эгерде сиз балаңызды тойгонун байкасаңыз «Тойдуңбу?» деп сурасаңыз болот. Эгерде ал дагы жегиси келгенин көрсөтсө, «дагыбы?» деп сураңыз. 
● Баланын үндөрүнө жана кызыгуусуна жооп бериңиз. Баланы атынан чакырыңыз жана анын жообуна көңүл буруңуз.

9 айдан 12 айга чейин:
● Бул куракта баланын тамактануу муктаждыктары өзгөрүлө баштайт. Ал жумшак тамак жегенди, мисалы жумшак жемиштерди, кайнатылган жашылчаларды жана ар түрдүү жана ар түстөгү тамактын түрүн каалай баштайт. Тамак берип жатканда ошол тамакты сүрөттөп, аттарын атап берсеңиз, балаңыз жаңы сөздөрдү түшүнө баштайт. 
● Тамак даярдап жатып да бала менен сүйлөшүңүз. Айланада болуп жаткан нерселерди сүрөттөө да пайдалуу. Мисалы: «Бул сенин идишиң», «атаң сага картөшкө бышырып берди» деп, же «жумуртка жейсиңби?» деп суроо берсеңиз болот. Балага ар кандай үн чыгарып, же жаңсоо менен жооп бергенге мүмкүнчүлүк бериңиз. Андан кийин бала сөз менен жооп бергенге үйрөнөт. 

12 айдан 24 айга чейин:
● Бала тамактанып жатканда тамактын өңүн жана түзүлүшүн сүрөттөсөңүз болот. Баладан жеп жаткан тамактын түсүн сурап аны сүйлөөгө шыктандырыңыз. Азыкты көрсөтүп, анын атын атап, баланын кайталап жооп бергенин күтүңүз. 
● Бала менен чогуу ырдаңыз. Сиз ырдап баштаңыз жана балага ал билген жерин кошулуп ырдаганга мүмкүнчүлүк бериңиз. Мезгилдин өтүшү менен бала ырдын көбүрөөк сөздөрүн билип өзү ырдап баштайт. 
● Балдар күнүгө ата-энеси менен чогуу жомок окуганда кана, жомокту жакшы көргөндү үйрөнүшөт. Китептеги сүрөттөрдүн, ичинен адамдарды же жаныбарларды көрсөтүп бер деп баладан сурануу керек. Бала сүрөттөгү нерселерди көрсөткөндө мактаганды унутпаңыз!