Skip to main content

Балага күн сайын оюн ойноо аркылуу жаңы нерселерди үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк бериңиз

Kyrgyz RCEL (USAID Advancing Nutrition | 2023)
Балага күн сайын оюн ойноо аркылуу жаңы нерселерди үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк бериңиз

Key Messages

Төрөлгөндөн баштап бала ойноо, байкоо жүргүзүү, бирөөнү туроо жана жаңы нерсени жасап көрүү аркылуу үйрөнөт. Сиздин балаңыз сиз менен ойноп жатып ырахат алат жана үйрөнөт. Балаңызга эң керектүү нерсе – сиз экениңизди унутпаңыз!
 

Балага айлана чөйрөнү оюн аркылуу таанып билүүгө мүмкүнчүлүк бериңиз. Ага колу жана буту менен, сиздин бетиңиз менен жана үй-тиричилик буюмдары менен ойногон жагат. Ошондуктан балага кызык болгон коопсуз буюмдарды берип ойногонго уруксат бериңиз. Баланын денесинин кыймылын жана үндөрүнүн өзгөрүүсүнө көңүл буруңуз жана аны кызыктырбаган нерселерди берип ойногонго кыйнабаңыз. 
 

Баланын алдына татаал бирок аткара ала турган тапшырмаларды коюңуз. Тапшырманы аткарып жатканда ага багыт берип туруңуз жана аткара ала тургандай тоскоолдуктарды койсоңуз да болот. 

Төрөлгөндөн баштап 6 айга чейин:
● Ар кандай түстөгү буюмдарды баланын алдына коюп, жай жылдырыңыз жана бала ал буюмдарды алам деп умтулсун. Буюмдарды ары-бери жылдырганда, баланын көздөрү кантип ээрчигенин байкаңыз. 
● Баланы ичинен жаткырып, маңдайына түстүү бир буюмду коюңуз. Бала ал буюмду алам деп умтулганына көңүл буруңуз! Ал буюмдарды оозуна салып үйрөнөт. Ошондуктан буюмдардын тазалыгын, коопсуздугун (учтуу, жутуп алчудай өтө кичине ) текшерүү зарыл. 

6 айдан 9 айга чейин:
● Сиз баланын тамактануусуна жаңы азыктарды кошкондо, ал жаңы даамга көнүп үйрөнөт. Аны жаңы тамак жегенге шыктандырыңыз! Тамактын ар түрдүүлүгү жана түсү ар кандай болуусу өтө маанилүү. 
● Балага колуна алып, кармалап, изилдеп ойногонго таза, коопсуз буюмдарды бергиле. Мисалы чакан контейнерлерди же кашык менен табак берсеңер болот. 
● Баланын жаңы нерсе үйрөнгөнүнө түрткү боло тургандай жана кызыгуусун өнүктүрө турган жаңы китептерди жасагыла, же сүрөттөрдү тарткыла. 
 

9 айдан 12 айга чейин
• Тамактануу учурунда балаңызга кичинекей "бармак" тамактарын бериңиз жана аны жаңы, пайдалуу тамактарды жеп көрүүгө үндөңүз. Ал бат-баттан баш аламандык жасайт, бул жакшы! Ал өзүн тамактанууну үйрөнөт жана тамак-аштын түрлөрүн үйрөнөт.
• Балаңыз менен жашынмак сыяктуу оюндарды ойноңуз. Ал сизди карап турганда, колуңуз менен же чүпүрөк менен бетиңизди жабыңыз. "Ата кайда?", Колуңузду ачып, "Буу! Мына мен!" Ал сизди көргөндө аны менен бирге күлүңүз! 

12 айдан 24 айга чейин:
● Бала менен чогуу ойноп, аны татаал тапшырмаларды аткарууга үндөңүз. Буюмдарды мунара сыяктуу кылып чогултуп, кайра чачып жана кайрадан чогултканга үйрөтүңүз. Чогулта турган буюмдардын санын көбөйтүп тапшырманы татаалдаштырыңыз. Эгерде бала чогулта албай кыйналса, ага жардам берип коюңуз!
● Куурчак жасап,ойнотуп баланын элестетүүсүн өнүктүрүңүз. Куурчактарды колдонуп бир окуя же жомок айтып берсеңиз болот.