Skip to main content

Балага тамак жегенди үйрөтүп жатканда сабырдуулук менен, мээримиңизди төгүп, жакшы сөздөрдү колдонуңуз

Kyrgyz RCEL (USAID Advancing Nutrition | 2023)
Балага тамак жегенди үйрөтүп жатканда сабырдуулук менен, мээримиңизди төгүп, жакшы сөздөрдү колдонуңуз

Key Messages

Балаңызга тамак берип жатканда ага камкордук көрсөтүп, колдоп, кубаттап, мээримиңизди билдириңиз. Бул баланын билдирген белгилерине көңүл бөлүп, ачка же токтугун түшүнө билип, жооп кайтаруу дегенди билдирет. 

Тамак берип жатканда балага камкордук мамиле кылып, тамактануу процесин мээримдүүлүк жана жаңы нерселерге үйрөнүүгө айландырса болот. Бул сиз менен баланын ортосундагы мамилени бекемдетип, тамактануу учурунда балаңызга жакшы тамактануу адаттарын калыптандырууга жардам берет. 

 

Бардык балдар:
● Тамактануу учурунда баланы алаксыта турган нерселерди жок кылууга аракет кылыңыз. Балаңыздын маңдайында бирге болсоңуз, балаңыздын көңүлү сизге жана тамакка гана бөлүнө тургандай болот.
● Баланын ач же ток экендиги тууралуу белгилерин туура таанып билүү өтө зарыл, себеби бала ачка калбаш керек же өтө көп дагы ашыкча тамак жебеш керек. Баланы тамак жегенге мажбурлабаңыз жана тамакты сыйлык катары да берип көндүрбөңүз. 
● Баланын тамактануусуна шашпай, сабырдуулук менен мамиле кылып, жетиштүү убакыт бөлүү керек. Эгерде балаңыз тамак жегиси келбей, тоюп калган болсо, тамакты азыраак берип же тамак берүүнү токтото туруңуз. Бир же эки мүнөттөн кийин, дагы бир кашык тамак берип көрүңүз. Эгерде балаңыз тойгонун билдирсе, анда тамак берүүнү токтотуңуз.
 

Балаңыздын ачка экендигинин белгиси
Уйкусунан ойгонот, нары-бери бурулуп, ооналактайт; бармагын сорот (3 айга чейин); ыйлайт же тынчы кетет.

Балаңыздын курсагы ток экендигинин белгиси
Оозун жана эриндерин жаап алат; башын артка ала качат; эмчекти акырын эмет же такыр эле эмбейт. Эмчекти оозунан чыгарып же эмип жатып уктап баратканы -баланын ток экенин калганы.

Балаңыздын ачка экендигинин белгиси
Тамак берип жатканда дагы жегиси келип, оозун ачат;тамак берип жаткан адамды карап, жылмайып, үн чыгарат; тамакты карай умтулат,;тамакка же кашыкка карай умтулат.
 

Балаңыздын курсагы ток экендигинин белгиси
Тамакты жай жеп же такыр жебейт;
тамакты түртөт, «болду башка жебейм» дегенсип башын чайкайт.

Төрөлгөндөн баштап 6 айга чейин:
● Эненин сүтүндө балага алгачкы 6 айына чейин эң керектүү болгон азыктын баары бар. Эмчек эмизүү эне менен баланын ортосундагы эмоционалдык байланышты бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле эмчек эмген бала өзүн коопсуз жана ыңгайлуу сезет. 
● Эмчек эмип жатканда бала өзүнүн табитин башкарууга жана тынч алууга үйрөнөт. Ал эмип жатканда тойгонун, канча сүт эмиш керек экендигин жана тынч алыш үчүн эмне керек экендигин аныктай алат. 

6 айдан 9 айга чейин:
● Тамакты баланын маңдайына коюп, жай жылдырыңыз. Бала көзү менен тамакты ээрчий баштаганда, ага тамак же деп сунуштаңыз. 

9 айдан 12 айга чейин:
● Бул куракта бала өзү кашыкты кармап жегиси келип, сууну да өзү ачык чөйчөктөн кармап ичкенге аракет жасап, кызыгуусу пайда болот. Кашыкка бир аз тамак салып, балага бериңиз. Бала өзү жеп аракет кылып көрсүн. Ал эми чөйчөктү карматыңыз , бала чөйчөктү кармаганды үйрөнсүн. Чөйчөктөгү суу төгүлүшү мүмкүн. Эч нерсе эмес. Тажрыйба менен бала үйрөнөт!

12 айдан 24 айга чейин:
● Бул куракта балага үй-бүлө жеген тамактан бир аз кесип, майдалап берсе болот. Балага өз алдынча тамактануусуна мүмкүнчүлүк бериңиз. Алгач ал албетте кыйналат, бирок кайра, кайра аракеттенип, кашыкка тамак сузуп, оозуна алып келгенге көнө баштайт.