Skip to main content

Балаңыздын өсүп- өнүгүүсүнө Сиздин мээримиңиз жана камкордугуңуз колдоо болот

Kyrgyz RCEL (USAID Advancing Nutrition | 2023)
Балаңыздын өсүп- өнүгүүсүнө Сиздин мээримиңиз жана камкордугуңуз колдоо болот

Key Messages

Сиз балаңыз менен күн сайын сүйлөшүп, ойнотуп, тамак берип, кам көрүп, көңүл бурсаңыз, анда балаңызга жаңы нерселерди үйрөнүүгө, өсүүсүнө жардам бересиз. Бул күнүмдүк аткарылган, жөнөкөй эле иш аракеттер балаңыздын мээсинин өөрчүшүнө өбөлгө түзөт жана бала акылдуу болуп чоңойот. 

Баланы багуу жана ага кам көрүү – бул бала менен болгон өз ара катышуу, балага мээрим төгүү, баланын муктаждыктарына жана кызыгууларына жооп берүү.

Бала багуу жана ага кам көрүү – жеңил жана маанилүү! Ымыркай бала өзүн коопсуз, сүйүктүү жана керектүү деп сезиш үчүн, анын ата-энесинини, чоң ата, чоң энесинин жана бардык башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн орду абдан чоң.

Катышуучуларды мактап, "Пайдалуу кеңештердин" жардамы менен керектүү иш-аракеттерди көрсөтүңүз жана ишке ашырыңыз

Баланын белгилерин таанып билүү
● Сиздин балаңыз өз муктаждыктарын сизге үн аркылуу, мимикасы жана кыймыл аракети аркылуу билдирет. Ошондуктан баланын кыймыл аракетине көңүл буруп, байкоо жүргүзүп туруу керек. Байкоо жүргүзүүнү адат кылып алсаңыз, сиз балаңыздын белгилерин тааный баштайсыз жана ал белгилерге туура жооп бересиз.
● Баланын белгилерин таанып билүү тажрыйбаны талап кылат. Дайыма балаңыздын кыймыл-аракеттерине байкоо жүргүзүп, караңыз, балким ал, көзү, оозу же денеси аркылуу кандайдыр бир муктаждыктардын белгилерин берип жатат. Ал эми баланын ыйлаганы муктаждыктарды билдирүүнүн эң акыркы чеги деп эсептелинет. 
● Атайын графикти түзүү- күнүмдүк жасалган иш-аракеттерин туура баалоого үйрөтөт. . Мисалы: кошумча тамак берүү (баланын 6 айынан баштап), киринтүү, уктоого даярдоо сыяктуу иш-аракеттериниин тартиби балага өзүнө болгон ишенимин күчөтөт, себеби бала күнүмдүк иш-аракеттерди таанып билип, аларга даяр болот. 

Бала капаланганда ага кандай жооп берүү керек?
● Эгерде балаңыз капаланып жатса, эмнеге капаланып жатканын себебин тапканга аракет кылыңыз – балким ал курсагы ачка, чарчап турат же булганып калып өзүн ыңгайсыз сезип же ооруп жатат. А балким ал жөн гана өзүнө сиздин көңүлүңүздү бурдурууга аракет кылып жатат. Сиз балаңызды соороткондон кийин, ал кандай кыймыл аракеттерди жасаганын, кандай үндөрдү чыгарганын эстеп көрүңүз. Убакыт өткөн сайын сиз балаңыздын кыймыларакетинен жана үнүнөн үлгүлөрүн байкап анын муктаждыктарын түшүнө баштайсыз. 
● Балаңызды колуңузга алып, акырын терметип, сылап, кучактап, ага ырдап бериңиз. Жаңы төрөлгөн баланы сооротуу үчүн аны бат-бат колуңузга алганыңыз жакшы. 

Бала сиз менен байланышууну кааласа, кандай жооп кылуу керек? 
● Бала төрөлгөндөн баштап эле көрө алат, ошондуктан баланын көзүнө тике караганга аракет кылыңыз. Бул балага сиз менен байланыш түзүүгө жардам берет жана адамдардын эмоцияларын таанып билүүгө үйрөнөт. 
● Бала сиздин көңүл бурганыңызды каалаганын кантип билдирет? Көзүн чоң ачканы, сиз же башка сүйлөп жаткан адам тарапты караганы, сергек болгону, бармагын же бир нерсени соргону, колун же буттарын кайчылаштырып алганы, сиздин колуңузду же бир нерсени кармаганы менен билдириши мүмкүн. 
● Бала “Агуу”лаган үндөрдү чыгарып, сизге колун сунуп, жылмайып жатса, анын бул аракетине жооп ирээтинде, сиз дагы анын үнүн кайталап, кол жаңсоолорун туурап бала менен баарлашыңыз.